Бишкек, 13.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда фермерлерге асыл тукум мал чарбасын жакшыртуу үчүн 3% менен жеңилдетилген насыя берүү каралууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып, учурда макулдашууда.
“Долбоор бекигенден сон, фермерлердин насыя алуу маселеси бир кыйла жеңилдейт. Учурда насыянын суммасы каралууда. Күрөө менен канча, ошондой эле күрөөсү жок канча сом берилет карап жатабыз. Буюрса бул долбоор ийгиликтүү ишке ашат ”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий