Кыргызстанда үй тибинде жалпы 138 бала бакча ачылды

Билим 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Өкмөттүк акселераторлор" программасын жайылтуунун алкагында жалпы 138 үй тибиндеги бала бакчалар ачылды.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, Бишкек шаарында, айрыкча бала бакчалар жана аларды куруу үчүн жер тилкелери жетишсиз жаңы конуштарда үй тибиндеги 43 бала бакча мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө.

Ошондой эле Ош шаарында жана Ош облусунда - 18, Баткен облусунда - 12, Нарын облусунда - 8, Талас облусунда - 8, Чүй облусунда - 24, Ысык-Көлдө - 12 жана Жалал-Абад облусунда - 13 үй тибиндеги бала бакча иштей баштады.

Пикир

Оставить комментарий