Бишкек, 16.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда ички валюта рыногунда абал туруктуу бойдон калууда жана өлкө экономикасынын өнүгүү тенденцияларын, тышкы экономикалык шарттарды эске алуу менен өнүгүүнү улантууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу курсун түзүүнү караган өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимин карманууну улантууда.
“Өзгөрүлмө алмашуу курсу режими болгон өлкөлөрдө алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү табигый көрүнүш жана ар дайым Улуттук банктын кийлигишүүсүн талап кылбайт”, - деп кошумчалашты Улуттук банктан.
Пикир
Оставить комментарий