• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда ишканалар өндүрүштүн деңгээли жогорулаганын билдиришти – Малик-Айдар Абакиров

Экономика 0

Бишкек, 05.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда ишканалар өндүрүштүн деңгээли жогорулаганын билдиришти. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл 1-октябрдан 28-октябрга чейин 1078 ишкер катышкан онлайн сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда ишкерлерге өндүрүштүн көлөмү, буюртмалар, жумуштуулук, жеткирүүлөр, камдар, каржы багыттары боюнча суроолор берилген.

"Кепилдик фонд" ААКсы ишкердик жигердүүлүктүн индекси боюнча изилдөө жүргүздү. Мында ишкерлик чөйрөсүндө экономиканын өнүгүү абалын жана динамикасын чагылдырганга көмөк берет. Сурамжыланган субъекттердин 88% - чакан ишкерликтин, 10% - орто ишкерликтин, 2% - ири ишкерликтин өкүлдөрү болду.

Сурамжылоого бардык аймактардагы айыл чарбасынан, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнөн жана өнөр жайдан ишкерлик субъекттери катышты. Тапшырыктар компоненти боюнча респонденттердин 50%ы буюртмалардын көлөмүнүн көбөйгөнүн, 39%ы көлөм өзгөрбөгөнүн, 11%ы гана буюртмалар азайганын белгилешкен.

"Өндүрүш" компоненти боюнча респонденттердин көпчүлүгү акыркы 6 айда өндүрүш көбөйгөнүн же өзгөрбөгөнүн айтышкан. Өткөн жылга салыштырмалуу ишкерлердин 48%ы өндүрүш көлөмүнүн көбөйгөнүн белгилесе, 43%га жакыны эч кандай өзгөрүү болгон жок деп айтышкан", - деди ал.

Ошондой эле Малик-Айдар Абакиров белгилегендей, сурамжылоого катышкандар жумуштуулук боюнча олуттуу өзгөрүүлөр болбогонун, ишкерлердин 15%ы өз кызматкерлердин санын көбөйткөнүн айткан. Мындан тышкары, алар жеткирүү жана камдар өткөн жылга байланыштуу өзгөрбөгөнүн билдиришкен.

"Каржы" компоненти боюнча изилдөө маалыматтары акыркы 6 ай ичинде каржылоо зарылдыгын көрсөттү. Мында респонденттердин 44%ы үчүн өзгөргөн жок дешсе, сурамжылоого катышкандардын 31%ы каржылоо муктаждыгы жогорулаганын айтышты жана респонденттердин 25% ар кандай себептерден улам каржылоо муктаждыгы азайганын белгилешти. Респонденттердин 48%ы үчүн күрөө талаптары өзгөргөн жок, 40%ы талаптар жакшырганын айтышса, 12%ы гана талаптардын начарлашын белгилешкен. Күрөөнү талап кылууну жакшыртууда кепилдиктерди берүү боюнча Кепилдик фонд маанилүү роль ойноду. Респонденттердин 42%ы акыркы 6 ай ичинде каржылоо шарттарында абал жакшырганын, 48%ы эч кандай өзгөрүү жок жана 10%ы үчүн гана шарттар начарлаганы белгилүү болду", - деп белгиледи Кепилдик фонддун жетекчиси.

Малик-Айдар Абакиров кошумчалагандай, экономика тармагында иштеген ишкерлердин арасында мындай сурамжылоо биринчи ирет өткөрүлдү. Мындан ары сурамжылоо үч ай сайын жүргүзүлүп турары мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий