• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда ишкер аялдардын саны өсүүдө – Эмгек министри

Экономика 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда ири, орто жана чакан бизнести жетектеген айымдардын саны өстү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Монголияда өткөн "Жашыл келечек жолунда" аталыштагы аялдардын Дүйнөлүк форумунда билдирди.

Жылдыз Полотова “Айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгүн активдештирген лидер аялдар” темасында сөз сүйлөп, акыркы 30 жылда Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи.

"Бизнесте, саясатта жана жетекчилик кызматтарда аялдардын саны байкаларлык өстү. Акыркы бир нече жылда аялдар жетектеген чакан ишканалардын саны 21% га, орто ишканалар 16% га өстү. Ал тургай ири ишканаларда аялдар лидерлик кызматтарды ээлешет, бул жөнүндө 22% га өсүш күбөлөндүрөт. Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда аялдардын коомдогу ролун баса белгилеп, коомдогу аялдардын ролун модернизациялоо жана күчөтүү, аялдарды колдоо долбоорлору зарыл экенин белгиледи.

Бул кабар 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планында чагылдырылган. Өлкөдө ошондой эле аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча программалар ишке ашырылууда. "Жашыл экономика" алкагындагы долбоорлорго жана жергиликтүү жамааттарды жакшыртуу боюнча социалдык маанилүү демилгелерге колдоо көрсөтүлүүдө", - деди ал.

Эмгек министри экология чөйрөсүндө ийгиликтүү лидер-аялдардын мисалдарын келтирди, ошондой эле катышуучулардын 96% ын көбүнчө айыл жерлеринен келген лидер аялдарды түзгөн "социалдык контракт" долбоорунун мисалын келтирди.

"Социалдык контракттын алкагында акыркы эки жылда 18 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү. Катышуучу аялдар айыл чарба тармагына, кайра иштетүү өнөр жайына, соодага жана кызмат көрсөтүүгө активдүү катышышат. Бул долбоор боюнча социалдык жардам алуучулардын 11% ын майыптыгы бар адамдар түзөт", - деп белгиледи Полотова.

Мындан тышкары, эмгек министри форумдун ишиндеги климаттын өзгөрүшүнө, айрыкча аялдар жана кыздар үчүн туруктуулукту жогорулатууда социалдык коргоо программаларынын мааниси жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал экологиялык сектордогу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, "жашыл" жумуш орундарын өздөштүрүүгө жардам берүү боюнча чаралар жөнүндө белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий