Кыргызстанда канча радиациялык калдыктар сакталган жай бар экени айтылды

Коом 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында радиациялык калдыктар сакталган 92 жай бар, анын ичинде 60 калдык сактоо жайы Өзгөчө кырдаалдар министринин карамагында турат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен ирилери Майлуу-Сууда, Миӊ-Кушта, Кажы-Сайда жайгашкан.

"Ушу тапта радиациялык 33 калдык сактоо жайына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Радиациялык 33 калдык сактоо жайын кармоо жана тейлөө көп каражатты талап кылат. Ошондон улам, биз МАГАТЭ сындуу бир катар эл аралык уюмдарды тартууга аргасызбыз", - деди Кубат Боронов.

Мындан тышкары Боронов азыркы учурда Кызыл-Омполдо жайгашкан уран кениндеги жумуштар толугу менен токтотулганын, анда колдонулган техникалардын баары чыгарылып кеткенин билдирди.

"Ал жердеги «ЮрАзия» компаниясы Кыргызстанда 2004-жылы катталган. Анын кенди иштеткен лицензиясы жок экен. Ал 2010-жылы кенди чалгындоо үчүн лицензия алган, ал 2020-жылга чейин жарактуу. Бирок, жаӊыдан лицензия алмайынча кенди иштете албайт", - деди ал.

Андан тышкары, өкмөт өкүлү жергиликтүү тургундардын ден-соолугун радиациялык нурдануудан коргоо, ар кандай кырсыктардан сактоо максатында, эл аралык уюмдардын көмөгү менен бир катар райдиациялык калдыктар сакталган жайларды бекемдөө жана рекультивациялоо жумуштары жасалып жатканын билдирди.

"Ошону менен бирге, рекультивациялоо жумуштарына жыл сайын мамлекеттик бюджеттен дагы кошумча каражат каралууда", - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий