Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматытын 2030 аскер бөлүгүндө 23-сентябрь Мамлекеттик тили күнүнө арналган тематикалык иш-чара өттү.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, иш-чара мамлекеттик тил гимни менен башталды.
Андан соң жоокерлер көркөм окуу, тил жөнүндө ыр саптар, макал айтышуу менен күч сынашышты.
Иш-чарага карата алдын ала дубал газеталар даярдалып, буклеттер жасалган.
Ушундай эле иш-чаралар чек ара заставаларында айылдык мектептердин кыргыз-тили мугалимдеринин катышуусунда өттү.
Мугалимдер жоокерлерге "Кыргыз тили", "Улут болсом тилим менен улутмун" деген темаларда сабактарды өтүштү.
Пикир
Оставить комментарий