• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абадда акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун эстелиги ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Жалал-Абад шаарында КРнын “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасынын ээси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленди.

Анда Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында ысымы ыйгарылган Т. Байзаков эс алуу багында акындын эстелиги ачылды.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери жергиликтүү бийлик жана маркум Түмөнбай Байзаковдун жакындары катышты.

Облус башчысынын орун басары Кыргыз элинин маданият тармагынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон, адабияттын дыйканы, көркөм сөз чебери Түмөнбай Байзаковдун өмүр жолу, чыгармачылыктагы өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

Ал 100 жылдык юбилейлик датаны жогорку деңгээлде белгилөө максатында Жалал-Абад облусунун аймактарында бир катар иш-чаралар колго алынганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий