• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Күндүзү электр жарыгы күйүп турган. Энергетиктер Аламүдүндөгү тойканаларды текшерди

Аймак 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Энергетиктер Аламүдүн районундагы тойканаларды текшерген учурда айрымдарында күндүзү электр жарыгы күйүп тургандыгы аныкталган. Бул тууралуу Чүй электр тармактары ишканасынан билдиришти.

Бугүн аталган ишкананын кызматкерлери электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейд уюштурушту.

Текшерүү учурунда тойкананын ичинде бир дагы кардар жок экенине карабай бардык жарыктандыруучу жабдуулардын, сыртта жарык болсо дагы жарнамалык щиттеги, фасаддагы лампалар күйүп турганы аныкталды. Жеринен тойкана администрациясы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарыктандыруучу жабдуулар өчүрүлдү.

Энергетиктер мындан ары да ушундай рейддерди уюштуруп турат жана бардык керектөөчүлөрдөн керек эмес учурда бардык электр жабдууларды өчүрүп, электр энергиясын колдонуу эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий