Кыргызстанда кесиптик билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда — Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда кесиптик билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бултууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү жана камсыз кылуу боюнча кайрылууларды жасап, тапшырмаларды берген.

"Кыргызстанда бардык аймакты камтыган уникалдуу окуу жайлар системасы бул кесиптик лицейлер болуп саналат. Анткени, ар бир райондун аймагында бирден-экиден кесиптик лицейлер бар, алар аймактын өзгөчөлүгүнө жараша түзүлгөн. Ошондой эле бизде эң заманбап жана жарандар муктаж болгон кесиптерге даярдай турган 100 кесиптик лицей бар. Анда сантехниктен тарта IT адистерине чейин даярдайбыз. Учурда лицейлерде 32 миң 700 окуучу окуп жатат", - деди ал.

Авазбек уулунун айтымында, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү кесиптик лицейде мектеп компоненти менен катар бир, же эки кесиптин ээси болууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Биз бул багытта бир катар алгылыктуу иштерди жасадык. 2021-жылга чейин 9-классты бүтүп келген окуучулар кесиптик лицейде 3 жыл окуса, азыркы учурда 2 жылга түшүрдүк. Дагы бир маанилүү жагдай биздин 9-классты бүткөндөн кийинки окууларыбыз акысыз, мамлекеттин эсебинен ишке ашырылат. Алар стипендия алып, тамак менен камсыз болушат", - деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, Эмгек министрлиги жыл башында өлкө аймагында 224 ишкана ачылары күтүлүп жатканын, ага 38 миңдин тегерегиндеги жумушчулар керек экенин билдирген.

"Биз айыл өкмөттөргө чейин жетип, кандай кесиптин ээлери керек экенин тактап, учурда 8 миңге жакын жумушчуну даярдап берүү боюнча келишим түздүк. Анткени, ачылары күтүлүп жаткан 224 ишкананын айрымдары азырынча планда гана болуп, айрымдарынын долбоорлоо иштери жүрүп жаткан экен.

Ошондой эле учурда Кыргызстанда чоң долбоорлор башталары күтүлүүдө. Мисалы Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу. Июлда, октябрда жумуш абдан жигердүү башталары айтылууда. Буга байланыштуу Кыргызстанда бирден бир деп эсептелген №97 кесиптик лицей бар. Ал жерде 1-2-звенодогу темир жол кызматкерлерин даярдашат, - деди Авазбек уулу.

Мындан тышкары, ал өлкөдө энергетика тармагында дагы абдан чоң иштер жасалып жатат, бул жаатта дагы кесип ээлерин даярдоо зарылчыгы турат.

"Ошондой эле президент тарабынан коюлган эң маанилүү тармак тигүүчүлөрдү даярдоо болду. Бизде жалпы 100 кесиптик лицей болсо, анын ичинен 67синде тигүүчүлөр даярдалат. Аталган лицейлерде тигүүчүлөр 2 айдан 10 айга чейин окушат", - дейт Авазбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий