• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 3-апрелде аяктайт – керектүү документтер

Билим 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева билдирди.

Ал белгилегендей, каттоо мектепти же кесиптик окуу жай, колледжди аяктап жаткандар үчүн алар окуган жерде, окууну былтыр аяктагандар үчүн шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

"Катталуу үчүн кандай документтер керек? Эгер абитуриент 16 жашка чыккан болсо сөзсүз түрдө паспорту болушу керек. 16 жашка толо электер үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана окуган жеринен бүтүрүүчү класстын окуучусу экенин ырастаган окуучунун сүрөтү чапталган, мөөр басылган маалымкат зарыл. Андан тышкары абитуриент быйыл тартылган 3х4 өлчөмүндөгү эки окшош сүрөт, ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция алып келиши керек", - деди ал.

Ал эми окууну мурдагы жылы аяктагандар үчүн орто билими тууралуу күбөлүк талап кылынат.

Батракееванын айтымында, быйыл каттоо төлөмүнүн акысы кымбаттап, 370 сомду түздү. Келерки үч жылга бул баа өзгөрүлбөйт.

Ал белгилегендей, аталган борбор тестирлөөнү 2002-жылдан бери өткөрүп келет. Быйыл Билим берүү министрлиги ЖРТны үч жылга өткөрүүгө тендер жарыялап, анын жыйынтыгы менен 2020-2022-жылдарга тестирлөөнү Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрмөй болгон.

Белгилей кетсек, Жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайына тапшыра турган абитуриенттер тапшырат. Бул жылы тестирлөө 15-20-май аралыгында өткөрүлөт. Абитуриенттер негизги тесттен тышкары, алар өздөрү тандаган багыт боюнча кошумча предметтик тесттерди – химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тили, кыргыз тили жана адабият менен орус тили жана адабият боюнча тест тапшырышат.

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылы киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий