• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Билим берүү министрлиги: Жаңы окуу жылына телесабактар тартылууда

Билим 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартууну улантууда.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, видеосабактарды тартууда IV чейректе кетирилген айрым кемчиликтер эске алынып, сабактын сапатына көңул бурулуп жатат. Ар бир предмет боюнча бирден усулчу дайындалып, сабак тартылганга чейин даярдалган сабактын иштелмелери текшерилип, тартылып жаткан учурда да бекитилген усулчу тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Телесабактарды өтүү үчүн конкурстук негизде 260 мугалим тандалып алынган. Алар бир нече кароо-сынактардын, окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Телесабакка тартылуучу мугалимдер атайын даярдыктан, тренингден өткөрүлгөн.

Тартылган видеолор атайын серверге, билим берүү министрлигинин порталына жайгаштырылып, 1-сентябрдан тарта атайын жадыбалдын негизинде телеканалардан эфирге берилет.

Телесабактардын бир жылга пландаштырылып жалпы көлөмү 7 миң 276 саатты (видео сабакты) түзөт. Ал пандемия бүтүп, салттуу режимде окуу процесси уюштурулган учурда да кошумча билим берүү ресурсу катары пайдаланылат.

"Съемка Бишкек жана Ош шаарларында жүрүп, КТРдин “Баластан” студиясында, ЭлТР, “Ынтымак” телеканалдарынын, Мегакомдун, Кувейт университетинин, Манас-Түрк университетинин, КМТУнун, АУЦАнын студияларында, ЮНИСЕФ, ЮСАИД, Азия өнүктүрүү банкы, Массалык маалыматтарды колдоо борбору, Сорос фондунун жардамында тартылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий