• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу башталды

Билим 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда 2024-2025-окуу жылына Кыргызстандын кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттерди кабыл алуу "Абитуриент онлайн" электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Абитуриенттерди кабыл алуу графиги:

  • I тур – 17-июль саат 8:00дөн 24-июль саат 17:00гө чейин;
  • II тур –30-июль саат 8:00дөн 7-август саат 17:00гө чейин;
  • III тур – 13-август саат 8:00дөн 20-август саат 17:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий