Кыргызстанда коомдук транспортко рейд жүрүп, 28 млн сомдук айып салынды

Коом 0


Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүп, 28 млн сомдук айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд өлкө аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө аныкталган эреже бузуулар боюнча 1 318 протокол түзүлүп, жалпы 28 млн сомдук айып салынган. Анын ичинен:

  • техникалык бузуктары аныкталган 49 айдоочу;
  • каттамга чыгаарда техникалык кароодон өтпөгөн 130 айдоочу;
  • техникалык бузуулары менен каттамга чыгарган 15 фирманын механиги;
  • лицензиясы жок каттамга чыккан 225 айдоочу;
  • туура эмес жерлерден жүргүнчүлөрдү салып, түшүргөн 523 айдоочу;
  • кошумча жабдууларды мыйзамсыз орнотуп алган 88 айдоочу;
  • эл аралык каттамдарга чыгуу учурунда жүргүнчүлөрдү ашыкча алган 30 айдоочу;

ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жүргүнчүлөр менен катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

"Урматтуу жарандар! Эгерде сиз дагы коомдо кылмыш жана кырсык, ошондой эле жол эрежесин бузуу фактыларына күбө болсоңуз, анда "102" номуруна, же (0777) 102-102 WhatsApp номуруна кабарлап койсоңуз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий