• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта Коррупцияга каршы кызматтын жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөн киши кармалды – видео

Коом 0


Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Талас облусунда Коррупцияга каршы кызматтын өкүлүмүн деп алдап акча алып жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматтарга караганда, 38 жаштагы киши УКМКнын жасалма күбөлүгүн колдонуп, Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын аймактык бөлүмүн мыйзамсыз негизде текшерүүгө аракет жасаган.

Ал маал-маалы менен аймактардагы мамлекеттик мекемелерди текшерип, "мыйзам бузууларды ачыкка чыгарбайм" деген шылтоо менен пара алып турган.

Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жалган документ жасоо жана колдонууга айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий