Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 316 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган 7 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 75 бейтаптын абалы орточо оор, 234 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ни түзөт. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий