• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы дагы 21 адамда коронавирус табылды. Жалпы 1037

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 12-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 37 адамга жетти.

"Жаңы учурлардын ичинде Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 3, Нарын облусунда - 7 учур бар", - деп билдирди ал.

Башкы санитардык дарыгердин айтуусуна караганда, жаңы катталган 21 учурдун ичинен үч учур сырттан келгендерден табылган. Бир бейтап Дубайдан келсе, экөө Россиядан келген.

Пикир

Оставить комментарий