• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 9,2 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 12-июнга карата 9 миң 272 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 693 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-июнга карата коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2166ны түзөт. Алардын ичинен 1668 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий