Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш объектилеринин сапатына жана мыйзамдуулугуна көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы 1 188 текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 44 млн 668 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Ал эми 2024-жылга карата 1 947 протокол түзүлүп, 120 млн 185 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, былтыркы жылга салыштырмалуу 172% өсүш болду.
Жарандардын укугун коргоо үчүн курулуш компанияларына уставдык капитал талап кылынып, чарчы метрине жараша 100 млн сомго чейин уставдык капитал түзүлдү.
Пикир
Оставить комментарий