• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин күздүк үрөнү 95,5%га камсыздалды

Экономика 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменттин адистери күздүк кылкандуу дан эгиндерин кондицияга жеткирүү максатында үрөндөрдү текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын күздүк айдап себүүсүнө карата республика боюнча жалпы 37,4 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектет. Учурда үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттери тарабынан анын 35,7 миң тоннасы топтолуп, бул камсыздоонун 95,5%ын түздү. Анын ичинен:

  • күздүк буудайдын үрөнүнүн керектөөсү 36,2 миң тоннаны түзсө, топтолгону 34,5 миң тонна же 95,4%ды;
  • арпа үрөнүнүн керектөөсү 1,2 миң тонна болсо, топтолгону 1,2 миң тонна, же 100% түздү.

Департаменттин регионалдык башкармалары тарабынан 26-сентябрга карата 15,1 миң тонна күздүк дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү, анын ичинде 14,5 миң тонна күздүк буудай жана 575,1 тонна күздүк арпа текшерилди. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн текшерилген үрөндөрүнүн ичинен 14,5 миң тонна, же 40,8% себүү кондициясына туура келген, анын ичинде күздүк буудай 14 миң тонна, же 40,8%, күздүк арпа – 489,1 тонна, же 41,7 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий