• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгү башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 22.10.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. 21-октябрдан 4-ноябрга чейин республиканын бардык аймагында кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгү башталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан кызамыкка жана кызылчага каршы 526 миң доза вакцина алды. Өнөктүктүн алкагында вакцинаны биринчи кезекте 9 айлык курактан 7 жашка чыга элек эмделбеген балдар алат.

"Өткөн жылдан бери республикада кызамык оорусунун күч алышына жооп катары эки баскычтуу эмдөө өнөктүгү өтүп келе жатат. Бул өнөктүктүн алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы 818 миң 939 бала эмделди, бул максаттуу топтун 84,6%ын түзөт.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында республикада кызамык учурлары туруктуу негизде азайып жатат. Бул оң тенденцияны колдоп, туруктуу жамааттык иммунитетти түзүп, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги топторду кызамыктан коргоо максатында 2024-жылдын 21-октябрынан 4-ноябрына чейин республиканын бардык аймактарында тазалоочу эмдөө өткөрүлөт”, - деди Арыкбаева.

Пикир

Оставить комментарий