• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (KOICA) менен биргеликте мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштеп чыкты.

Министрликтен билдиришкендей, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүүнүн негизги концепциясы мөмө-жемиш тармагынын нарк чынжырчасынын негизги түзүүчүлөрүнүн, анын ичинде фермерлердин жана кайра иштетүүчү ишканалар жана анын көмөкчү компоненттеринин, анын ичинде илимий-изилдөө жана мамлекеттик мекемелердин ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөдө турат.

Мындайча айтканда, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү стратегиясы жемиштерди өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу процессине катышкандар жана органикалык түрдө система аркылуу байланышкан концепцияны камтыйт.

"Биринчи 5 жылдын планы Ош жана Баткен облустарында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен мөмө-жемиш кластерин илгерилетүү жана анын потенциалын бекемдөө болуп саналат. Ал эми узак мөөнөттүү максат пилоттук долбоорлорду Чүй, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарына жайылтуу", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан ыңгайлуу климаттык шарттардан жана коңшу өлкөлөрдөгү туруктуу суроо-талаптан улам дээрлик бардык региондордо мөмө-жемиштерди өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Учурда Айыл чарба министрлиги мөмө-жемиш өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган бир катар чараларды иштеп чыгып жана ишке ашырып жатат.

Пикир

Оставить комментарий