• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир жумада 22 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 10нан 16-июлга чейинки аралыкта 22 миң 348 жол эрежесин бузуу фактылар катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу - 288;
  • мас абалында рулга отуруу - 218;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 60;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар -1 076;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 880;
  • автоээнбаштык - 6;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 499;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 315.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 730 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий