• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстанда уюлдук байланыштын сапаты текшерилет

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги уюлдук байланыштын сапатын текшерүүгө жана иштөөсүндөгү көйгөйлөрдү аныктоого жардам берүүчү эки заманбап өлчөө комплексин сатып алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул жабдуулар өлкө боюнча 2Gден 5Gге чейин ар кандай тармактарды текшерип, байланыш жок жерлерди так аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, жакында өлкөдө мобилдик байланыштын сапаты боюнча жаңы стандарт кабыл алынган. Ал кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана аны текшерүү ыкмаларына талаптарды белгилеп, алыскы аймактардагы туруктуу байланыштын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий