• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто ишкерди тоноого шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Ишкерлерге карата жасалган тоноо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын сентябрь жана октябрь айларында Ош шаарында криминалдык түзүмдөр тарабынан ишкерлерге карата кысым болгон.

Маданий тиричилик жана чарбачылык багыттагы буюмдарды жана мүлктөрдү даярдоо менен алектенген ишкерлерге өзүн криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары тааныштырган жаран келип, үй тиричилигине керектүү буюмдарды жасап берүүнү талап кылган. Ал дагы бир нече жолу келип, коркутуп, физикалык күч колдонуп, унаасына даяр буюмдарды жүктөп алып кетип калган. Жабырлануучуларга 100 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, коркутуу жана укукка каршы аракеттер боюнча текшерүү башталып, кылмыш

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө укукка каршы аракеттерге шектүү катары Кара-Суу районунун жашоочусу 1991-жылы туулган М.Ф. (ал М.С. атын өзгөртүп салган) кармалган. Көрсөтүлгөн жаран мурда бир нече жолу соттолгон, криминалдык чөйрө менен байланышы бар.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Текшерүү жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий