• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 791 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-сентябрь айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 791 сомду түздү, деп айтылат Экономика жана коммерция министрлигинин материалында.

Документтеги маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,8%га өскөн, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алганда 6,7%га өскөн.

2024-жылдын январь-сентябрь айларында 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырганда орточо айлык акынын жогорулоо темпинин өсүшү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.

Негизинен эмгек акы дүң жана чекене соода, унааларды жана мотоцикл оңдоо тармагында 30,3%, курулушта 27,2%, башка кызмат көрсөтүү тармактарында 26,4%, кыймылсыз мүлк операцияларында 23,3%, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра иштетүү чөйрөсүндө 22,7%, кесиптик, илиймий жана техникалык ишмердүүлүк жаатында 22%, кен байлыктарды казуу тармагында 21,8%, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 21,6%, транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо - 15,8%, административдик жана көмөкчү иш - 14,4%га, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайларында (өндүрүш өнөр жайы) - 12,8%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий