• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Кыргызстанда расмий түрдө кант диабети менен ооруган 84 миң 39 адам катталган

Ден соолук 0

Бишкек, 13.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда расмий түрдө кант диабети менен ооруган 84 миң 39 адам катталып, анын 90% ы 2-типтеги, ал эми 10%ы 1-типтеги кант диабети менен ооруйт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде эндокринолог Айсулуу Стамкулова билдирди.

Анын айтымында, бул дарыгерге кайрылган гана оорулуулардын саны.

“Кыргызстанда учурда 84 миңден ашуун адам бул оору менен каттоодо турат. Адистердин божомолунда бейтаптардын реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн. Кандагы канттын деңгээли көтөрүлгөн бейтаптар алгачкы текшерүүдөн өтүү үчүн үчүн жергиликтүү оорууканаларга кайрылса болот. Зарыл болгон учурда алар эндокринологиялык борбордо дагы текшерилип, дарыланууга мүмүкүн. Кант диабети тукум кууган дарт. 1-типтеги кант диабети менен ооруган балдар туруктуу инсулин терапиясына муктаж, ал Кыргызстанда эндокринологиялык борбордо бекер жүргүзүлөт”,-деди дарыгер.

Ошондой эле, кант диабети үчүн кан тапшырууда анализдерге туура даярдануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кант диабети үчүн кан тапшырууда анализдерге туура даярдануу, кант диабетин аныктоодо абдан маанилүү. Кандагы канттын деңгээлин эки жолу өлчөгөндөн кийин гана кант диабети диагнозу коюлат. Канында канттын деңгээли жогору болгон бейтаптар алгачкы диагноз коюу үчүн жергиликтүү клиникаларга кайрылышса болот”,-деди ал.

Маалымат үчүн: кант диабет - канда канттын деңгээли (глюкозанын) жогорулап кетүүсү мүнөздөлгөн өнөкөт оору.

Пикир

Оставить комментарий