• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда өсүмдүктүн 5 түрүн жыйнагандар жоопкерчиликке тартылат

Коом 0

Бишкек,10.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда өсүмдүктүн 5 түрүн жыйнагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин 28-майдагы токтому менен “Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” токтому чыккан. Үч жылдык мөөнөткө чейин киргизилген тыюу салууга ылайык, эми өсүмдүктүн төмөнкү 5 түрүн жыйноого жана даярдоого болбойт:

  • макротомия (Macrotomia DS),
  • арнебия (Arnebia Forssk),
  • ясенец (Dictamnus L),
  • аконит (Aconitum L),
  • афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch).

"Мораторий өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн сактап калуу максатында киргизилген. Жарандар бул өсүмдүктөрдү чогултуп, сатууга аракет кылып жатышат. Өсүмдүктөрдүн бул түрлөрү көбүнчө Кытайга ар кандай багытта колдонуу үчүн экспорттолот деген маалымат бар. Жапайы өсүмдүктөр жыйналып алынганы аныкталса, айып пул салынат. Мен жарандарды мыйзамды сактап, аларды чогултпоого чакырат элем", - деди ал.

Ошондой эле Мамбеталиев белгилегендей, эгерде жарандар мындай мыйзамсыз аракеттерге күбө болсо 0312 540521 ишеним телефонуна кабарласа болот. Бул үчүн мамлекет кармалган товардын наркынын 50%ын сый акы катары берет.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда дары чөптөрдүн 2900дөн ашык түрү өсөт.

Пикир

Оставить комментарий