• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун мусулмандар казысы болуп Сайдамир Жейналиев дайындалды

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Ош облусунун мусулмандар казысы болуп Сайдамир ажы Жейналиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев кол койгондугун, муфтияттан билдиришти.

Жаңы дайындалган облус казысын эмгек жамаатка азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев тааныштырып, жооптуу ишине ийгилик каалады.

"Илимди сөзсүз түрдө адеп-ахлак коштоп жүрүүсү зарыл. Эгер адепсиз илим болсо, ал пайдасыз. Мына ошондуктан илим-билимди, таалим-тарбияны кошо алып, аны жашообузда колдонубуз. Ар бирибиз аткарган жооптуу кызматыбызда жоопкерчиликтүү бололу!", - деди Жоробай ажы Шергазиев.

Жейналиев Сайдамир Курбанович 1964-жылдын 2-январында Тажикистандын Жерге-Тал районуна караштуу Кашка-Терек айылында төрөлгөн.

Эскерте кетсек, Сайдамир ажы Жейналиев 2012-жылдан бери Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий