Чет элдик ар кандай уюмдар дүйнө өлкөлөрүндөгү маалымат эркиндигинин индексин жарыялап, ага кирген өлкөлөрдүн тизмесин коомчулука жарыялап келишет. Бирок, алар берген баалардын калыстыгына көп өлкөлөр күмөн санашат. Алардын рейтинг түзүүдөгү критерийлери дагы көп учурда түшүнүксүз. Албетте, эл аралык рейтингдер жеке өлкөнүн рейтингиндей деталдуу болушу мүмкүн эмес. Алардын кээ бирлери сандар менен, кээ бирлери ой-пикирлерге негизделет. Бирок рейтингдердин көбү аралаш мүнөздө болуп, кээ бир суроолор менен сандарга жана бааларга байланыштуу. Башкача айтканда, эксперттердин сурамжылоосу жыл бою жүргүзгөн өздөрүнүн мониторинги менен айкалышып турат.
Айта кетсек, бул уюмдар Европа же Америкада жайгашып, ошол өлкөлөр тарабынан каржыланат. Аларды толугу менен көз карандысыз уюмдар деп атоо кыйын. Булар көбүнчө каржылаган тараптын көрсөтмөлөрүн аткарышат. Ошондуктан алар түзгөн рейтингдеринин калыстыгы ар дайым күмөн ойлорду жаратат.
Жогорку Кеңешти төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандагы сөз эркиндигине берген эл аралык уюмдардын баасына агынан жарылып, парламенттеги отурган журналистерге кайрылды.
“Кыргызстандагы сөз эркиндиги жок, сөз эркиндиги төмөндөп кетти деп ар кандай индекстер менен көптөгөн эл аралык уюмдар бизге баа берип жатат. Мына ушул туура эмес экенин айтып коеюн. Бул жерде биз эң маанилүү документти карап жатканыбызга карабай, массалык маалымат каражаттарынын өкулдөрү ар бир депутатты каалагандай чакырып алып, суроолорун берип жатат. Бул биздеги көрүнүш. Ал эми, парламентаризмдин бешиги деген Улуу Британияда дагы аркада отурган журналисттерди айнек менен тосуп койгон. Алар депутаттарга суроо бере да, чакыра да албайт. Сыртка чыкканда да депутаттар башка эшик менен чыгат, журналисттер менен контакт болбойт. Мына ошондой өлкө бүгүн бизге индекс түшүп кетти деп баа берип жатат”,- деди төрага.
Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, журналисттердин ишмердигине эч кандай тоскоолдук жок экенин белгиледи.
“Мына бизде сөз эркиндиги болгондуктан, журналисттер каалаган депутатты чакырып алып, каалагандай суроолорду берип жатат. Ошол үчун, урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, сиздер дагы сөз эркиндиги жөнүндөгү ушундай бизге айтылган учурда, өзүңөрдүн үнүңөрдү сөзсүз түрдө чыгарып коюшуңар керек. Себеби дегенде, бул өтө маанилүү, бизде сөз эркиндиги бардык жерде бар”,- деди Нурланбек Шакиев.
Кыргызстанда сөз эркиндиги боюнча эл аралык уюмдардын берген баасына кошулгандар ким дейсиңер? Алар ошол эле өлкөдөгү күмөндү сурамжылоого катышкан, чет жактан каржыланган, “көз карандысыз” деп аталган маалымат каражаттары. Чет жактан чоң акча алгандар, сөзсүз кожоюндарынын айтканын кылышат. Буларды социалдык түйүндөрдө бийликке тарынгандар, коруппцияга малынып, айып пул төлөгөндөр, учурдагы бийликти көрө албагандар гана колдоп келишет.
Бүгүн Кыргызстан эл аралык мамилелерде көз карандысыз өлкө катары, өзүнүн башка мамлекеттер менен достука таянган, өз ара пайдалуу, тең ата саясатын жүргүзүүдө. Албетте, мындай саясат, дүйнөлүк геосаясатта глобалдык тирешүүлөр жүрүп жаткан мезгилде, айрым ири державаларга жага бербейт. Ошондуктан, алар Кыргызстанда ар кандай жолдору менен өлкөдү туруктуулука доо кетиргиси келишет. Биздеги чет жактан каржыланган НПОлор, массалык маалымат каражаттары ошол өлкөлөрдүн бүгүнкү куралдары. Сөз эркиндиги боюнча так ушулар биринчи коңгуроолорду кагып, дүйнөгө жарыя кылышат. Булар өздөрүнүн мекенине каршы чыгып, коомдогу тынчтыка коркунуч алып келиши мүмкүн дейт мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын директору Нурдин Урманбетов.
“Кыргызстан бүгүн сөз эркиндигин гана коргобостон, ошондой эле жек көрүүнү жараткан сөздөргө каршы турууга аргасыз. Сөз эркиндиги адам укуктарынын жана демократиялык коомдун негизи болуп эсептелсе, жек көрүүчүлүк коомдук тынчтыкка коркунуч жаратышы мүмкүн.
Жек көрүүчүлүктүн тили, анын сөздөрүнүн айтылышы ар кандай формада болушу мүмкүн, андыктан дезинформация оңой эле жек көрүү сезимин жаратып, Кыргызстандагы туруктуулукка түздөн-түз коркунуч келтирген көйгөй болуп калышы таң калыштуу эмес.
Мунун баары өлкө бийлигинин алдында болуп көрбөгөндөй милдеттерди коюп жатат, анткени өлкөдө улуттук мыйзамдар гана сакталбастан, сөз эркиндигине болгон укуктарды да камсыз кылуу зарыл,”- дейт Нурдин Урманбетов.
Кыргызстанда сөз эркиндиги жок дегендердин артынан ээрчибей, болгон нерсеге реалдуу баа беришибиз зарыл. Кыргызстан эгемендүүлүкө жеткенден бери Борбор Азияда демократиянын үлгүсүн көрсөтүп келет. Бүгүнкү кунгө чейин ошол имиджибиз бизди коштоп жүрөт. Болгону сырткы жана ички душмандарыбыз күчтөнүшүп, ыплас ыкмаларды колдонуп, өлкөдөгү туруктуулука кедергисин тийгизгени катуу аракет жасап жатышат. Бүгүн өлкө өнүгүү жолуна чыкканда, баарыбыз биригип, кыраакы жана жоопкерчиликтүү болушубуз керек.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий