• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстанда "Санарип VET" маалыматтык системасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен Ветеринардык кызматтын "Санарип VET" системасы иштелип чыкты.

Ведомстводон маалымдашкандай, "Санарип VET" бул - жаныбарлардан алынган азыктардын кыймылына байкоо жүргүзүү” автоматташтырылган маалымат системасы.

Бул система 2024-жылдын 9-декабрынан тартып чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында жана бардык райондук, шаардык башкармалыктарда тесттик пайдаланууга киргизилди.

Учурда система "Түндүк" жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын "Бирдиктүү идентификациялоо системасы" (ЕСИ) менен туташтырылып, бардык электрондук документтер цифралык колтамга менен тастыктоого шарт түзүлдү.

"Санарип VET" системасынын негизги максаты – ветеринардык көзөмөлгө алынган азыктарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө процесстерин камсыз кылууга, өлкөгө кирүүчү контрафакттык продукцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, калктын тамак-аш коопсуздугун жакшыртууга жана чыңдоого мүмкүндүк берүү.

Эске салсак, буга чейин өлкөдөгү бардык чек ара ветеринардык өткөрмө пункттарында жана райондук, шаардык ветеринардык башкармалыктарда импорттолгон жана экспорттолгон азык-түлүктөрдүн кыймылына байкоо жүргүзүүчү санариптештирилген маалыматтык система жок болчу. Бардык иштер кагаз түрүндө жүргүзүлүп, оперативдүү маалымат кыйынчылык жаралып келген. Эми "Санарип VET" системасы аркылуу бардык уруксат кагаздар, ветеринардык сертификаттар менен күбөлүктөр жана текшерүү актылары электрондук форматка өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий