• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда сарыктын оор түрү менен ооругандардын саны азаюуда

Ден соолук 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда сарык илдетинин оор түрү менен ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Дүйнө жүзү боюнча сарыктын "В" жана "С" түрүнө чалдыккан адамдардын саны 325 миллионду түзөт. Жыл сайын ал илдеттен 1,5 миллион адам көз жумат. Адам өлүмүнө алып келген оорулардын ичинде аталган оору кургак учуктан кийинки экинчи орунда турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кан аркылуу жуккан гепатиттин оор жана өнөкөт түрү ("В", "С", "D") боюнча Кыргызстандын көрсөткүчтөрү начар.

"Азыркы күндө гепатиттин "В" илдетине чалдыккандар азаюуда. Алсак, мурунку жылы 100 миң тургунга 29,9 учур туура келсе, ал быйыл 5,2ге азайган. Бул бала төрөлгөндө милдеттүү эмдөө киргизилгени менен байланыштуу", - деди Исмаилова.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк сарык оорусуна каршы күрөшү күнүнө карата бир айлык жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий