• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

СOVID-19: Илдеттин очогунда иштеген 200 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-августта ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 200 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын арасында Ош, Талас жана Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерде, илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, медайымдар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын айдоочулары бар.

"КР Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылы 15-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен медицинанын илимий ишмерлеринин ортосунда болуп өткөн жолугушуунун чечимдерин өз нугунда ишке ашырууда", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлдөгү “Эне Сай” пансионатында 7 күн эс алышмакчы. Каржылоо маселеси эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду тарабынан чечилди.

Министрликтен кошумчалашкандай, акыркы 3 жуманын ичинде жалпысынан 450дөн ашуун медицина кызматкери “Эне Сай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында эс алышкан.

"Саламаттык сактоо министрлиги муну менен эле чектелбейт. Алдыда Кыргызстандын башка аймактарынан дарыгерлер, мээрмандар, тазалык кызматкерлери, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана айдоочулар ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлгө жөнөтүлүп турмакчы", - деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий