Кыргызстанда социалдык коргоону санариптештирүү борбору түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Борбор КР президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу жана электрондук өкмөт, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, бардык социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Борбор социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды онлайн көрсөтүү, санариптик эсепке алуу жана социалдык маалыматтардын мониторинги, социалдык камсыздоо маселелери боюнча онлайн консультация жана колдоо, санариптик көндүмдөр жана технологиялар боюнча билим берүү программалары, социалдык программаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн санариптик аспаптар, социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин санариптик автоматташтыруу сыяктуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.

Бул кызмат көрсөтүүлөр жарандарга социалдык колдоонун кыйла натыйжалуу жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий