• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Абылгазиев менен Арипов Ошто жолугушту - сүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуулардын учурдагы абалы жана актуалдуу темалар, ошондой эле чек аралык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү келечектери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий