• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарларга болгон баалар туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 13.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө социалдык маанилүү товарларга болгон баалар туруктуу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын талдоо, отчеттулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын башкы адиси Карлыгач Айдарова билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык маанидеги товарлардын запасы жетиштүү.

“Бүгүнкү күндө негизинен социалдык маанилүү товарларга болгон баалар туруктуу. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жума сайын мониторинг жүргүзүлөт. Ал эми баалар кескин көтөрүлгөн учурда аталган кызмат тарабынан мониторинг күн сайын жүргүзүлөт. Биздин кызматкерлер сатуучулар, товарларды алып келүүчүлөр жана ортомчулар менен биргеликте иш алып барышат. Бүгүнкү күндө кумшекер, ун, эт, буудай, жумуртка, сүт, май, нан жана күрүчкө туруктуу баа сакталууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий