• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 3-мартта ИИМдин демилгеси алдында Билим берүү жана илим министрлиги менен окуучулардын арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча биргелешкен буйрук чыккан.

Бул буйруктун негизинде Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги жана алардын аймактардагы бөлүмдөрү биргеликте мектептерде мамлекеттик органдардын катышуусунда окуучулар жана алардын ата-энелерине жыйындарды өткөрүшүп, өспүрүмдөргө байланыштуу көйгөйлөрдү угушуп, жеринен чечүүгө жана мындан ары дагы аныкталган конкреттүү багыттар боюнча зарыл болгон иш-чараларды өткөрө башташты.

Кыргыз Республикасынын 2022-2023-окуу жылына карата ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары жана балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча атайын баяндамалар жасалып, кылмыштуулукка каршы иштөө боюнча атайын даярдалган слайддар дагы көрсөтүлүүдө.

Учурда жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан жыйындарда ата-энелер тарабынан айтылган сунуш-пикирлер дагы угулуп, окуучулар арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу, алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелер талкууланууда.

Эскерте кетсек, бул буйруктун негизинде мектеп окуучуларынын арасында кылмыштардын жана укук бузууга жөндөмдүү шарттарын, себептерин табуу менен билим берүү уюмдарындагы алдын алуу иштеринин абалын иликтөө жана талдоо, ушунун негизинде аларды жоюу максатында Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен пландар иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий