• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Унаа жуучу жайлар үчүн суунун баасы көтөрүлөт – Суу ресурстары боюнча агенттиктин директору

Коом 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Унаа жуучу жайлар үчүн суунун баасын көтөрүү керек. Бул тууралуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик агенттик ишке жаңы гана киришүүдө. Эми суу ресурстарын колдонуу боюнча саясатты жана планды иштеп чыгышат.

"Суу ичкенге керектелсе ал өзүнчө баа менен төлөнөт. Унаа жуучу жайларга сууну колдонуунун баасын көтөрүү керек. Менимче, баа канчалык кымбат болсо, алар сууну ошончо үнөмдөшөт. Унаа жуучу жайлар сууну үнөмдөө жолун караштыра башташат. Мисалы, сууну тазалап, кайра колдонушат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, окумуштуулардын пикири боюнча 2030-жылга карата Чүй облусунда ичүүчү суунун запасы 25%га чейин, ал эми Фергана өрөөнүндө 50%га чейин азаят.

Пикир

Оставить комментарий