• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Футбол: Кыргызстан менен Палестина достук беттеш өткөрөт – кураманын тизмеси

Коом 0

Бишкек. 03.06.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул туурасында Футбол федерациясын кабарлады.

Оюн 11-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Матч 20.00 башталат.

Билеттерди 1-июндан тарта кассадан жана сатуучулардан алууга болот.

Курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин даярдык көрүү үчүн окуу-машыгууга кийинки футболчуларды чакырды:

Дарбазачылар: Калысбек Акималиев ( «Абдыш-Ата»), Валерий Кашуба, Павел Матяш («Дордой»)

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия), Мустафа Юсупов, Александр Мищенко, Айзар Акматов (ФК «Дордой»), Долженко Андрей («Илбирс»)

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дуйшобеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Азиз Сыдыков («Санат Нафт Абадан», Иран), Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат (баары – «Дордой»), Ахлидин Исраилов («УиТМ», Малайзия), Турсунали Рустамов («Худжанд», Тажикстан), Одилжон Абдурахманов («Алай»), Гулжигит Алыкулов («Неман», Беларусь)

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Мирлан Мурзаев («Дордой».

Пикир

Оставить комментарий