• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда сугат тармагын өнүктүрүүгө 59,5 млн доллар бөлүнөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл чарбасын өнүктүрүү» долбоорун каржылоо боюнча кредиттик келишимди жактыруу жөнүндө» КР өкмөтүнүн буйругунун долбооруна макулдугун берди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат суу тармагын өнүктүрүүгө багытталган «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл чарбасын өнүктүрүү» долбооруна жалпысынан 59,5 млн доллар бөлүнөт, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл. Анын ичинде, Ислам өнүктүрүү банкынын каражаты – 20 млн доллар. Жеңилдетилген насыя 25 жылдык мөөнткө 1,5 пайыздык үстөгү менен берилүүдө.

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл чарбасын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабында Сауд фонду 30 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Ал эми Кыргызстан долбоорго 8,9 млн доллар кошууга тийиш.

Долбоордун биринчи этабында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы сугат объектилери курулат. Андан тышкары, Үч-Коргон, Шамшы, Түгөл-Сай сууларында 4 суу сактагыч курулууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий