• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

КСДП фракциясы КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде КСДП парламенттик фракциясынын отуруму болуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Суроо-жооп жүрүшүндө депутат Кожобек Рыспаев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман аймагындагы «Макмал» алтын комбинатынын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасында түзүлгөн кырдаал, аларга тиешелүү айрым мүлктөрүн жергиликтүү тургундар тарабынан өрттөлүшүнө КР Өкмөт башчысы Сапар Исаковдун көңүлүн бурду. КР Премьер-министри Сапар Исаков бул фактыны тыкыр иликтөө боюнча тапшырма берерин айтты.

«Иш болгон жерде кемчиликтер дагы кетет»,- деген депутат Карамат Орозова эң биринчи кезекте курулушу башталган обьектилерди аягына чыгарууну приоритет катары кабыл алуу зарылдыгын аткаруу бийлигине багыттады.

Бир катар депутаттар КР Өкмөттү эрезеге жеткен жетим балдарга камкордук көрүлбөй жаткан, Кытайдан транзит аркылуу өтүүчү өрдөк эттеринин кандайдыр бир бөлүгү өлкө аймагында калып калып жаткан жагдайларга көңүл бурууга чакырды.

Депутат Мурадыл Мадеминов КСДП фракциясынан чыккан Өкмөт башчылары тарабынан республика аймагындагы салынган жүздөгөн мектептер, салынып жаткан ооруканалар, курулган жана азыр дагы курулуп жаткан мектептер сыяктуу чоң-чоң иштер жасалгандыгын, өнүгүүгө багытталган иш-аракеттер бүгүн да уланып жатканын айтып: «Өзүбүз түзгөн өкмөттү коргоп калалы».- дейт. Мындай пикирди депутат Автандил Кулбараков дагы улады.

Жер-жерлердеги дыйкандар менен фермерлер жеңилдетилген насыя жетпей жатканын шайлоочуларлын атынан депутат Айнура Осмонова Өкмөткө багыттады.

Мындан сырткары, жыйын жүрүшүндө кар көчкү маселесин биротоло чечүү, ирригациялык тутумдарды куруу, саламаттыктык сактоо тармагындагы өтө зарыл делген жабдуулар менен камсыздоо, саламаттыкты сактоо, спорт тармагындагы айрым мекеме кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү боюнча талкуу жүрдү.

Фракция лидери Иса Өмүркулов жасалып жаткан алгылыктуу иштер дагы арбын экенин, ошол эле маалда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүдө, миграция маселесинде кемчиликтер бар экенин баса белгиледи. Ошону менен катар жыйында айтылган сын-пикирлерди эске алууга чакырды.

Жыйынтыгында КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп табуу боюнча чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий