Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ош шаарынын Өзгөн көчөсүндө турак үйдүн 15 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры жана 20 чарчы метр эки бөлмөсү күйгөн. Кырсыктын кесепетинен өрт Пахта көчөсүнө өтүп, турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры күйгөн.
Чүй облусунун Кант шаарында “Тимур” соода борборунун аймагында жайгашкан контейнердин 5 чарчы метр ички жасалгысы күйгөн.
Баткендин Лейлек районундагы Кулунду айылынын О.Эшпаев көчөсүндө жалпы аянтты 120 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн.
Пикир
Оставить комментарий