• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 2, Чүй облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында жалпы аянты 20 чарчы метр болгон бастырма толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай кичи шаарчасында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 8 чарчы метр чатыры жана 500 боо пахта сабагы, 0,5 куб метр отун күйгөн. Өрт отко этиятсыздык мамиле кылуудан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий