• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Кирүү акысыз

Маданият 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Бишкекте Эл аралык музей күнүнө карата “Музейдеги түн” акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирет.

Акция 18-майда Улуттук тарых музейинде саат 17:00дөн 22:00гө чейин өткөрүлөт. Кирүү акысыз.

Беш миңден ашуун кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлгѳн бул акцияда бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулат.

Коноктор маданий мекемелердин, коомдук чыгармачыл фонддордун, эл аралык уюмдардын кызыктуу программаларына, таланттуу ѳнѳрпоздор менен чыгармачыл инсандардын жандуу концерттик программалары менен бирге, кызыктуу мастер-класстар, улуттук кийимдердин этно-модалары, индия, кытай, япон элдеринин, ошондой эле актерлордун аткаруусунда сценарийлешкен оюн-зоокторуна, Кыргызстандын кѳп улуттуу маданиятын даңазалаган казак, дунган, кавказ, ж.б. диаспоралардын ыр-күүлѳрүнѳ күбѳ боло алышат.

Пикир

Оставить комментарий