• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнө тротуар куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнө тротуар куруу пландалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Лев Толстой көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн тарта Манас проспектисине чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабына узундугу 2 чакырымдай тротуар куруу пландалууда.

Бул маселе Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкуловдун шаардык кызматтар менен биргеликте кыдыруу иштеринин алкагында талкууланды.

Белгиленгендей, шаардык кызматтар тротуар курула турган жердеги объектилерди жана инфраструктуранын элементтерин текшерет.

Пикир

Оставить комментарий