Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 172 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда - 17, Ош облусунда – 39, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 47, Баткен облусунда – 35 бейтап коронавирустан айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 884 адамга жетти.
Пикир
Оставить комментарий