Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Тактап айтсак, Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда турак үйдүн 5 чарчы метр шыбы жана мештин мору күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Чүй облусунун Токмок шаарында жыгач устундуу темир калай менен жабылган турак үйдүн жалпы 260 чарчы метр чатыры жана 5 бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Энчилеш айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Көк-Таш айылында турак үйдүн 13 чарчы метр шыбы жана мештин мору күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий