• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Кыргызстанда таза сууга муктаж айылдардын тизмеси кайра такталат

Аймак 0

Бишкек, 14.01.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда таза сууга муктаж айыл-кыштактардын тизмеси жаңыдан такталат. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев "Кабар" агенттигине кабарлады.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда 653 айылда таза суу маселеси чечиле элек. Алардын көбүндө суу түтүктөрү 50-60-жыл мурун салынган. Анын ичинен 263 айылда такыр таза суу жок.

"Бүгүн президент 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуу тапшырмасын койду. Биз ошол тапшырманын негизинде ошол айылдарды бөлүп, кайсы айылга кайсы жылдары таза суу берилээри тууралуу план түзүүдөбүз. Мурун таза суу менен камсыз кылуу иштери бир программа менен кетип жаткан, бүгүн жаңы тизме түзүлүүдө", – дейт Токтошев.

Биринчи кезекте 1950-1960-жылдары салынган водоканалдар жана таза суу менен камсыз болбогон айылдар каралат. Ал эми кээ бир айылдарга алардын географиялык абалына жараша компактуу таза суу менен камсыз кылуучу жабдуулар орнотулат.

Аталган таза суу ичпеген 263 айылдын ичинен 148 Жалал-Абад облусундагы айыл-кыштактар.

Республиканы толугу менен баардык аймактарын таза суу менен камсыз кылууга 30 млрд. сомдой акча каражат керектелет.

Пикир

Оставить комментарий