• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстанда "туристтик милиция" өз ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Бишкекте өткөн гарнизондук сапта ички иштер органдарынын жаңы түзүмү-Туристтик милициянын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын август айында "туристтик милициянын" бөлүмдөрү түзүлө баштаган. Туристтик взводдун негизги тапшырмаларына чет өлкөлүк туристтердин жана жарандарынын Кыргызстандын аймагына келген учурунан баштап коопсуздугун камсыздоо, андан сырткары туристтерге укуктук жана коопсуздук жактан жардам көрсөтүү кирет. Бул бөлүм медицинадагы тез жардам кызматы сыяктуу чет өлкөлүк жарандардын көйгөйүн чечип берүүгө алгачкы жардамын беришет.

Талапкерлерге болгон башкы талаптар-чет тилдерди жана мыйзамдарды билүү.

“Биздин өлкөнүн коноктору "туристтик милицияга" ар кандай маселелер боюнча кайрылса болот жана туристтер өмүрүн жана ден соолугун коргоодон баштап, шаарды жакшы билбесе жергиликтүү жерлерге багыт алуу боюнча жардам ала тургандыгын билсе болот. Аталган бөлүмдүн кызматкерлери чет тилди билүү деңгээлдерин жакшыртуу менен алек болуш керек жана ар бир кайрылуучуга түшүндүрүп билүүлөрү абзел. Биздин республиканын туризми негизги багыттардын бири болуп саналат. "Туристтик милиция" биздин өлкөнүн жаратылышын жана меймандостугун көрүүгө келген туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө, андан сырткары туристтик имиджти жана өлкөнүн аброюн көтөрүүнү кубаттоо максатында түзүлгөн”, - деп берилет маалыматта.

Иш-чарага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин башкармалыктарынын жана кызматтарынын башчылары, андан сырткары коомчулуктун өкүлдөрү катышкан.

Туристтик милициянын формасы кочкул-көк түстө. Андан сырткары "туристтик милициянын" өздүк белгилеринин эскиздери иштелип чыгып, бекитилди: мамлекеттик гербдин сүрөтү бар төш белги (жетон), андан сырткары мамлекеттик туунун сүрөтү тартылган кочкул-көк түстөгү колго байланган таңгыч.

Туристтик милицияга 60 адам кабыл алынып, эки взвод түзүлгөн. Кээ бир кызматкерлер англис тилинен сырткары италия, француз жана түрк тилдерин билишет. Кызматкерлердин жарымы-аял кишилер.

Пикир

Оставить комментарий