Кыргызстанда улуу курактагы калктын 43% гипертония менен жабыркайт – ДССУ

Ден соолук 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда улуу курактагы калктын 43%ы гипертония менен жабыркайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөдөгү кеңсесинин кызматкери Алина Алтымышева билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 4,3ы гана ооруканаларга келип, дарыларды колдонушат. "Эгер биз инсультка чалдыгуулардын санын азайтууну кааласак, анда биринчи кезекте кан басымы 140/90дон жогоркулар менен иштешибиз керек. Гипертония менен ооругандардын инсульт алуу коркунучу 3-4 эсе жогору", - деди Алтымышева.

Ошондой эле ал атайын дары-дармектер бар экенин айтты - жаңы тромболитиктер. Эгерде алар инсульттан кийин алгачкы 4 саатта берилсе, анда бейтаптын аман калуу жана майып болуп калбоо мүмкүнчүлүгү жогору.

"Инсульттан кийинки реабилитация маанилүү фактор болуп саналат, анткени инсульттун кайталануу коркунучу жогору. Мындан тышкары, профилактикага көңүл бурбай коюуга болбойт. Тамеки тарткандар, спирт ичимдиктерин ичкендер же канттын деңгээли жогору болгондор алардын абалын тыкыр көзөмөлдөп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылышы керек", - деп сунуштады ал.

Пикир

Оставить комментарий